Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Муниципалитеттен билиришкендей, ага карата Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөн.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Улан Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалганын, дайындоо учурунда Биринчи май райондук соту тарабынан Уезбаев жеке айыптоо кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылганын билдирет.