Кыргызстанда доллардын курсу 90 сомдук чектен ашты

Кыргызстанда доллардын курсу 90 сомдук чектен ашты. Учурга карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 93 сомдон сатып алып, кайра 95 сомго сатышууда.

 

Муну менен бир суткада эле доллар 3 сомго кымбаттады. Белгилеп кетсек, Россияга карата киргизилген санкциялардан улам КМШ мамлекеттеринде доллар кескин кымбаттап, биздин өлкөдө анын курсу 107 сомго теңелген. Марттын ортосунда ал кайра арзандап,  79 сомго түшүп, эми кайрадан кымбаттоо багытында.