Сот муфтияттын башкы эсепчисин эки айга камакта калтырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (Муфтият) башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бөгөт чарасы бүгүн, 12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ал эки айга камалды.

 

Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бекиев 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

10-февралда УКМК Бекиевди мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаганын маалымдаган жана “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталды” деп билдирген.

Бекиевдин тарапташтары же жактоочулары бул айыптоого расмий комментарий берише элек.

 

Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушев бул ишке шектүү катары кармалган.

 

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Максатбек Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

 

12-февралда Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотту.

 

Мурдагы муфтий ага коюлган айыптар боюнча комментарий бере элек. Өткөн жумада ал «Азаттыкка» курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген.