Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасы узартылды

Төрт айдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки ай абакта болот. Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-майда анын бөгөт чарасын 26-июлга чейин узарткан.

 

Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди «өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзамды бузуу кол койгон» деп шек санап, 26-январда УКМКнын тергөө абагына киргизген.

 

УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган, тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп да шек саналууда.

 

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен.