Быйыл Жалал-Абад облусундагы 18 айылдын калкы таза суу менен камсыздалат.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда иштер активдүү жүрүп жатат.
Консультанттар тандалып алынып, курулуштун долбоору даярдалууда.
Каржылоо чет элдик донорлор тарабынан жүргүзүлөт.