Баткен районундагы сел агызып кеткен көпүрөлөр калыбына келтирилүүдө.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Газ, Согмент, Сай айылындарында
иштер жүрүүдө. Курулуш Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылып жатат.
Жакынкы аралыкта 2 айылдагы 10-11 метрлик көпүрөлөр пайдаланууга берилет.
Калгандарында графикке ылайык уланат.