Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын ички иштер министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушту. Анын алкагында эмгек мигранттарынын жүрүү шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча сөз болду.

 

Өз кезегинде катар тарап кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыктар экенин билдирди, — деп айтылат маалыматта.