“Өтмөк” ашуусу бүгүн убактылуу жабылат

“Өтмөк” ашуусу бүгүн убактылуу жабылат.

Ички иштер министрлигинин Таластагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, мунун себеби аталган ашуудагы көчкүлөрдү атып түшүрүү ишине байланыштуу.

Чектөө качан алынаары азырынча белгисиз.

Белгилеп кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.