Кыргызстан жана Россия тышкы иштер министрлеринин жолугуусунда  4 документке кол коюлду

Кыргызстан жана Россия тышкы иштер министрлеринин жолугуусунда  4 документке кол коюлду. Руслан Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшүүсү кечээ Москвада өттү.

 

Анда идентификациялоо жана товарларды маркировкалоо системасын түзүүдө техникалык колдоо көрсөтүү, Кыргызстан аймагында Россиянын пилотсуз аппараттарын учуруу, аскер жаатындагы өнөктөштүк жана айыл-чарба продукциясын жеткирүүдө кызматташуу боюнча макулдашуулар жетишилди.