Чаткал районунда 5 чакырым алыска жөө каттап билим алган окуучуларды
атайы унаа ташып баштады. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы билдирет.
Маалыматка караганда, Чандалаш айылынан Жаңы-Базар айылына
жөө каттаган окуучуларга 30 орундуу унаа ишке кирди.
Ага айыл өкмөт жана ата энелер тарабынан ай сайын каражат чогултулат.
Ал эми Чандалаш айылындагы мектеп башталгыч класстарга гана ылайыкташкандыктан,
5-класстан жогорку окуучулар коңшу айылдагы мектепке барууга аргасыз.