Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык,
Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн
жетекчилери дайындалды. Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:
— Жанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын коргоо,
укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Сазыков Эркин Орозбекович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын
маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Бөрүбаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын министрлер
кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.