Баткен облусундагы Максат айылында жаңы үйлөрдүн курулушу башталып, капсула салынды

Баткен облусундагы Максат айылында жаңы үйлөрдүн курулушу башталып, капсула салынды.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштерди курулуш компаниялардын бири жүргүзүп жатат.

Аларга жумуштарды ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү тапшырмасы берилди. Эске салсак, кыргыз-тажик

чек арасындагы жаңжалда Максат айылындагы 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык бөлүмү,

айыл өкмөттүн имараты өрттөлүп, жараксыз абалда турат. Андан улам айылда тургундарга 50гө жакын чатыр тигилди.