Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча катталуу 20сынан 23-июнга чейин уюштурулат.
Бул тууралуу Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган тестирлөөгө өз убагында катышпай калгандар,
тесттик борборлорго катталса болот. Эске салсак, өлкөдө ЖРТ 21-июндан 25ине чейин өтөт.
Негизги жана ар бир предметтик тесттерге катталуунун баасы 370 сомду түзөт.