Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун мөөнөтү азырынча белгисиз

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун мөөнөтү азырынча белгисиз.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти. Так күнү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына жарана аныкталат.

 

Алдын ала маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгы 15-декабрга чейин белгилүү болот. Эске салсак, күзгү жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда Бишкек жана Ошто өттү. Билимин сыноого 1 миңден ашык адам катышты.