Синоптиктер айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырат

Синоптиктер айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырат. Бүгүн кечинде жана түндө Чүй, Талас жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында катуу кар жаап, бороон болушу күтүлөт.

 

Метеорологдор алдыдагы күндөрү чыныгы кыш турукташат деп эскертишүүдө.

 

Буга байланыштуу, тоолуу райондорго сапарга чыга турган айдоочуларга жол жүрүүдө этият болуп, ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.