Экономика министрлиги ишкерлер үчүн бизнес-пландардын даяр үлгүлөрүн иштеп чыкты

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн бизнес-пландардын даяр үлгүлөрүн иштеп чыкты. Шаблондор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси катары түзүлгөн.

 

Бул жеке ишкерлерге өзүнүн долбоорун же бизнес-идеясын жасап, аны менен инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Анда долбоордун кеңири маалыматы, каржылык, өндүрүш жана уюштуруу пландары, сатуу пландары, маркетинг стратегиясы жана ар кандай коркунучтардын анализи жазылган. Үлгүлөр Экономика министрлигинин сайтында жеткиликтүү.