Бишкекте банкоматтан акча алган аялды артынан аңдып, тоногонго шектүү жаран кармалды

 

 

Бишкекте банкоматтан акча алган аялды артынан аңдып,

тоногонго шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер

бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, окуя өткөн айда болгон.

Бул тууралуу видео үйлөргө орнотулган камераларга түшүп калган.

Анда белгисиз адам Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин

жанында күч колдонуп аялдын баштыгын тартып алган. Анда 2 Samsung үлгүсүндөгү

уюлдук телефон, 15 миң сом жана өздүгүн аныктаган ID-паспорту болгон.

Жабырлануучунун тарткан жалпы чыгымы 30 миң сомду түзөт.

Учурда кылмышка шектүүнүн ушуга окшош кылмыштарга тийиштиги бар же жогу аныкталууда.