Тескөөчүнүн төшүндөгү камерасын жулуп алган айдоочу кармалды

Тескөөчүнүн төшүндөгү камерасын жулуп алган айдоочу кармалды.

Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Курманжан Датка жана Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде

коммерциялык унаа уруксаты жок жерге токтоп турган. Анын айдоочусу тескөөчүгө

тиешелүү документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган.

Жакын жерде турган аялдар милициянын ишине тоскоол жаратышкандыктан, таксист качып кетүүгө үлгүргөн.