Министрлер кабинетинде абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам комиссия түзүлдү.
Анын жетекчиси болуп Бишкек мэри Айбек Жунушалиев дайындалды. Жаңы түзүм жарандардын ден-соолугун коргоого жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө чараларды иштеп чыгуу үчүн түзүлдү. Комиссия ошондой эле аба булгануунун себептерин аныктайт.