Криштиану Роналдунун улуу баласы дагы “Манчестер Юнайтед” клубу менен келишим түздү

Футбол жылдызы Криштиану Роналдунун улуу баласы дагы “Манчестер Юнайтед” клубу менен келишим түздү. Буга чейин кичи Роналду “Ювентустун” балдар командасында ойноп келген.

 

ТАСС маалымдагандай, ал “Манчестер Юнайтеддин” балдар клубунда жетинчи номер менен оюн талаасына чыгат. Атасы Криштиану Роналдуга дагы дал ушул 7-номер таандык.