Бишкектеги Ататүрк паркынын кайтарылган аймактары эс алуу зонасы катары пайдаланылат. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, көчөттөрдү отургузуу, жашыл аянтты көбөйтүү, шарттарды түзүү пландалууда.
Эске салсак, 12-апрелде мэр 107 гектар аянтты ээлеген Ататүрк атындагы сейил бактын чек арасын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.