Ысык-Көлдө Тамчы айылындагы эл аралык аэропорт модернизацияланууда

Ысык-Көлдө Тамчы айылындагы эл аралык аэропорт модернизацияланууда. Президенттик администрациядан билдиришкендей, учурда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган жаңы аэровокзал комплексин куруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

Маалыматка ылайык, азыркы аэровокзал 2003-жылы курулган жана жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн көтөрө албай калган.

 

Бийлик “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун модернизациясы аяктаса, аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасы жакшырып, өлкөнүн облустарын бириктирген ички авиакаттамдар калыбына келерин белгилейт.