Кыргызстанда жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Кыргызстанда жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдиргендей, учурда 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн билим берүү системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 1 миллион 407 миң мектеп окуучусу бар.