Кемин районунун башкы архитектору дайындалды

Асанкары Ахматов Кемин районунун башкы архитектору болуп дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүү Мамкурулуш агенттигиндеги кадрдык реформанын алкагында болду.

 

Жаңы жетекчинин билими жогорку, архитектура тармагында иш тажрыйбасы жетиштүү экени белгиленди.