Жылуулук сезонунун алдында  адистер  жабдууларды текшерип алууну сунуштайт

Жылуулук сезонунун алдында  адистер  жабдууларды текшерип алууну сунуштайт. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, жогорку кабаттагы батирлерде жашагандар кран аркылуу абаны чыгарып салышы керек.

 

Андан тышкары, жылуулук шаймандарын тазалап, зарыл болсо, оңдоп-түзөп алуу оң. Суу жылыткычтардын суу өтүүчү жерин бууп салуу шат.

 

Белгилеп кетсем, Бишкекте жылуулук сезону бүгүн түндө башталат. Алгач, социалдык объектилердин батареялары ысып баштайт, андан кийин жылуулук көп кабаттуу үйлөргө берилет.