Эртеңден тарта Бишкек – Балыкчы сезондук поезди кое берилет

Эртеңден тарта Бишкек – Балыкчы сезондук поезди кое берилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, курам жума күндөн жекшембиге чейин жүрөт.

 

Алгач жүргүнчүлөрдү 5 вагон ташыйт. Эгер агым көбөйсө, анда курам дагы кеңейтилет. Билеттерди темир жол бекеттеринде сатып алса болот. Эске салсак, поезд менен Бишкектен Балыкчыга жетүү үчүн чоңдор 69 сом, 5 жаштан 10 жашка чейинкилер 34 сомдон төлөсө, 5 жашка чейинки балдардан жол кире алынбайт.