АКШда митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик тезезелеринин бетин тактай менен жабышты

АКШда митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик тезезелеринин бетин тактай менен жабышты.

Өзгөчө Вашингтон шаарындагы Ак үйдүн аймагында жана Нью-Йорктун, Лос-Анджелестин

борбордук көчөлөрүндөгү кафе-ресторандар, дүкөндөр жана сулуулук салондору «даярдык» көрүүдө.

Trump Tower имараты темир менен тозулуп, куралчан полиция кызматкерлери нөөмөттө турат.

Белгилеп кетсек, бүгүн АКШда президенттик шайлоо өтүүдө. Ага учурдагы президент

Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.