Президенттикке талапкерлер 6-декабрга чейин кыргыз тилине тест тапшырышы керек.
Бул тууралу 24 агенттигине Боршайкомдун өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы дагы өлкө башчылыкка талапкерлигин көрсөткөндөр
сынакка кайрадан катышпай эле койсо болот. Калган талапкерлер мамлекеттик тилди билүү
деңгээлин текшерүүдөн өтүшү шарт. Сынакка катышпагандар жарышуудан четтетилет.