Кыргызстанда 2 миллиондон ашык адам вакцина алды

Кыргызстанда 2 миллиондон ашык адам вакцина алды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, анын 1 миллион 109 миңи биринчи дозаны алгандар, калганы эки дозаны тең алгандар.

 

Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн акысыз алууга шарт түзүлгөн. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.