Афганистандагы элчи Мирослав Ниязов кызматтан кетти

Кыргызстандын Афганистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 9-сентябрда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Мирослав Ниязов Афганистанга элчи болуп 2019-жылы дайындалган. Ага чейин Тажикстанда элчи болуп иштеген.

 

15-августта «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган. Августтун этегинде АКШ аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын билдирген.

 

Афганистандагы саясий окуялардан кийин бул өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине алып келинген. Августтун ортосунда Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланган.