Баткендин Максат айылындагы мектеп жаңы окуу жылына чейин оңдоп-түзөлөт

Баткендин Максат айылындагы мектеп жаңы окуу жылына чейин оңдоп-түзөлөт.

Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев аталган мектептин абалы менен

таанышуу учурунда билдирди. Куралдуу кагылышуудан билим берүү мекемеси талкаланып,

өрттөнүп жараксыз абалда турат. Буга чейин объектиде 300 окуучу билим алып,

30дан ашык кызматкер эмгектенип келген. Министр белгилегендей, мектепти кайра

оңдоо иштери жакынкы аралыкта башталат. Жаңы окуу жылында

балдардын мектепке барып билим алышына шарт түзүлөт.