Аскерге кетерде тест тапшырган абитуриенттердин жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот

Аскерге кетерде тест тапшырган абитуриенттердин жыйынтыгы

3 жылга чейин жарактуу болот. Бул тууралуу Илимди баалоо жана

окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча

адиси Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, эгер адам

аскерде кызмат өтөп жатса, анын жалпы республикалык тестирлөөдөгү

жыйынтыгы 3 жыл жарактуу болот. Же болбосо, алар сертификатты

алгандан кийин биринчи жогорку окуу жайга тапшырып, аскерге кете алат.

Аталган буйрук Билим берүү министрлиги тарабынан 2017-жылы чыккан.