Урмат Кожомбердиев Сот департаментинин директору болуп дайындалды

Урмат Кожомбердиев Сот департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланды. Буга чейин Урмат Кожомбердиев Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеген.

 

Ал эми буга чейин сот департаментин башкарып келген Кубанычбек Капалов Жогорку соттун алдындагы Соттук иштерди аткаруу кызматынын начальниги, башкы сот аткаруучусу болуп дайындалды.