Ордо калаанын Көк-Жар конушунда жаңы мектептин курулушу башталды

Ордо калаанын Көк-Жар конушунда жаңы мектептин курулушу башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, орто билим берүү мекемеси 550 окуучуга чакталат. Окуу класстарынан тышкары, анда спорттук зал, ашкана, китепкана жана медициналык блок болот.

 

Бардык иштер Азербайжандын каржылык колдоосу менен жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мектеп куруу демилгеси эки өлкөнүн президенттерине таандык.