“Электрондук күндөлүк” системасы өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат

 

“Электрондук күндөлүк” системасы өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Ар бир облустан мектептерди бөлүп бердик. Конкурстарды аябай өткөрүп, андан кийин мектептер менен сүйлөшүп, программаларды опробациялап көрүңүздөр. Эгерде мектепке, ата-энелерге, педагогдорго баарына жакса, биз сиздерди сунуштайбыз деп. Алардын тейлөөлөрү акысыз. Ата-эне кошумча бир программаны кааласа, анда компания менен өзүнчө келишим түзөт

 

“Электрондук күндөлүк” системасынын негизги максаты-мугалимдердин ишин жөнөкөйлөтүү, — деди Жусупбекова.