Медиктер жаңы жылдык майрамдардын алдында ботулизм оорусунан сактануу эрежелерин айтып беришти

Медиктер жаңы жылдык майрамдардын алдында ботулизм оорусунан сактануу эрежелерин айтып беришти. Болгону үй шарттарында герметикалык жабылган банкаларга эт, балык, козу карын, укроп, сабиз жана кызыл кызылчадан консерва жазабаш керек.

 

Анткени бул азыктарды ботулизм оорусун жайылтуучу майда бөлүкчөлөрдөн толугу менен тазалоо мүмкүн эмес. Дарттын алгачкы белгилеринен дароо “тез жардам” кызматын чакыруу зарыл. Дарыгерлер келгенче, ашкана содасы салынган 2-3 чыны суу ичүү сунушталат.