Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 2 долбоорду караштырууда

Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 2 долбоорду караштырууда. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, кеп, Кожомкул атындагы спорт ордосундагы бассейнди оңдоо жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасын калыбына келтирүү тууралуу болуп жатат.

 

Эгер сунуштар кабыл алынса, 30 күндүн ичинде долбоорду даярдап, жеке өнөктөштү аныктоо үчүн тендер жарыялоо керек.