Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны өсүүдө. Бирок эпидемиологиялык абал туруктуу, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, 16-23-декабрь аралыгында ооруканага кайрылгандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу, 24 пайызга көбөйдү.

 

Алардын басымдуусу жаш балдар. Окуучулар арасында сасык тумоого кабылуу туруктуу көрсөткүчтө. Андыктан, мектептерди жана бала бакчаларды карантинге жабуунун зарылчылыгы жок, — дешти ведомстводон.