Жаңы жылга карата үйдү майрамдык жасалгалоого болжол менен 2 миң сом керектелет

Жаңы жылга карата үйдү майрамдык жасалгалоого болжол менен 2 миң сом керектелет. Биздин кабарчылардын жүргүзгөн эсептөөлөрүнө ылайык, Бишкектин базарларында жасалма балатынын баасы бийиктигине жараша 1 миң сомдон жогору.

 

Оюнчуктардын топтомун көлөмүнө ылайык 150-350 сомго алса болот. Күйүп-жанган гирляндалардын эң арзанын 250 сомго тапса болот. Ал эми тирүү балатылар   15-декабрдан тарта жарманкелерде сатылууда.