Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык салют аттырылат. Бул тууралуу биздин радиого мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, 31-декабрда ордо калаанын башкы аянтында кечки саат 7де концерт башталып, ал түн жарымда салттуу майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталат.
Көз жоосун алган фейерверк шаар тургундарын жана конокторун 6 мүнөт кубандырат. Буга чейин салютка тендер жарыяланып, 600 миң сомдон ашык бөлүндү.