Бүгүнтөн тарта айдоочу күбөлүктөрү 4-калкты каттоо борборунда берилет

Бүгүнтөн тарта айдоочу күбөлүктөрү 4-калкты каттоо борборунда берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, “Унаа” мамлекеттик ишканасында узун кезектер жаралгандыктан, күбөлүктөрдү берүү Ауэзов көчөсүндөгү Калкты каттоо борборуна которуу чечими кабыл алынды.   Документтерге арызды кабыл алуу жана каттоо Лебединовка айылынын Победа көчөсүндө жайгашкан “Унаа” ишканасында жүргүзүлөт.  … Кененирээк…

Советтик жана Кыргызстандын кинорежиссеру, сценарист, актер Болот Шамшиев жерге берилди

Советтик жана Кыргызстандын кинорежиссеру, сценарист, актер Болот Шамшиев жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатыы зыйнаты бүгүн Опера жана балет театрында өттү. Болот Шамшиев 1941-жылы туулган.   Ал “Ак кеме”, “Караш-Караш”, “Сүйүү закымдары” жана башка бир катар белгилүү тасмалардын режиссёру жана кыргыз кереметинин көрүнүктүү өкүлү болуп… Кененирээк…

2019-жылы Кыргызстандын спортчулары уткан медалдардын саны 1000 ден ашты

2019-жылы Кыргызстандын спортчулары уткан медалдардын саны 1000 ден ашты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анын 400дөн ашыгы алтын, калгандары күмүш жана коло. Белгилеп кетсек, ушул жылы аталган агенттик тарабынан 1 жарым миң спортчуга 36 миллион сомдон ашык стипендия төлөндү.

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жаран изделүүдө

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган. Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын тургуну калып калган. Шахтадагы сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылды, — дешти министрликтен. Эске салсак,… Кененирээк…

Эми Instagram тиркемесинин Stories бөлүмүнө бир нече сүрөттү жүктөсө болот

Эми Instagram тиркемесинин Stories бөлүмүнө бир нече сүрөттү жүктөсө болот. Киргизилген жаңы функция тууралуу компания Twitter баракчасына жазды. Жаңычылдык Layout деп аталат. Колдонуучулар бир нече сүрөттү дароо киргизип, коллаж үчүн анын бирин колдоно алат.  Ар кандай фильтрлерди колдонуп, жазууларды кошууга болот. Буга чейин Stories бөлүмүнө… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды. Орозбек Аширов 100 киллограм категориясына чейинки салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышкан. Финалдык кармашууда Орозбек Аширов монголиялык спортчуну жеңип алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Турнир кечээ Казакстандын Нур-Султан калаасында жыйынтыкталды.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 75-85-чакырымдарына көлөмү 6 миң куб метр кар массасы түштү. Жабыркагандар жок. Учурда аталган трасса убактылуу кыймылга жабылды. Аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстан 2020-жылдагы олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну пландап жатат

Кыргызстан 2020-жылдагы олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан спортчуларында жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алуу планы бар. Белгилеп кетсек, аталган оюндарга биздин өлкөнүн спортчулары, Айсулуу Тыныбекова, Денис Петрашов, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана… Кененирээк…

2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот

2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот. Бул тууралуу Бишкек асфальт сервис ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы 40 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтүп, ар бир районго 10 чакырымдан туура келет. Буга шаардык бюджеттен 350 миллион сом каралууда. Кошумчаласак, кийинки жылы Кытайдын эсебинен Бишкекте 70 чакырымдан ашык… Кененирээк…

Нарында 1 жарым миллион сомдук балаты орнотулууда

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтына 1 жарым миллион сомдук балаты орнотулууда. Аталган шаардык мэриядан билдиришкендей, кыш сулуусунун узундугу 12 метрди түзөт. Туурасы 4 жарым метрге жетет. Балаты жандыруу бүгүн кечинде өтөт. Белгилеп кетсек ордо калаада жаңы жылдык балаты 13-декабрда жандырылды.