Жогорку жана орто адистик окуу жайлар “Бирдиктүү терезе” системасын киргизүүдө

Жогорку жана орто адистик окуу жайлар “Бирдиктүү терезе” системасын киргизүүдө. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жаңычылдык студенттерге маалымкат алуу үчүн кабинеттерди кыдырбай, зарыл болгон бардык документтерди бир жерден эле алууга шарт түзөт.

 

“Бирдиктүү терезе” системасын алгачкылардан болуп Ош мамлекеттик университети киргизди. Андан кийин жаңычылдык Кыргыз Улуттук, Бишкек Гуманитардык жана Агрардык университеттерде пайда болду.