Бишкекте жаңы жыл түнү электр энергиясы өчүрүлбөйт

Бишкекте жаңы жыл түнү электр энергиясы өчүрүлбөйт. Буга “Түндүкэлектрден” ишендиришүүдө. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, адистер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүн алдын алуу үчүн иш-чаралар планы иштелип чыкты. Техника, материалдар даярдалып, электриктер нөөмөттө турушат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмдөрүнүн иши бүгүн 1 саатка кыскартылат

Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмдөрүнүн иши бүгүн 1 саатка кыскартылат. Кеп, “Унаа” мамлекеттик ишканасы, Калкты каттоо борборлору, ЗАГС жана почта бөлүмдөрү тууралуу болуп жатат.   Ошондой эле, Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей, 1-январдан 7-январга чейин аталган түзүмдөрдүн кызматкерлери эс алат. Кадимки тартипте ведомство ишин 8-январдан тарта баштайт.

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай режим кечээ киргизилип,  2-январга чейин созулат.   Бул Жаңы жылда жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган чара. Жалпысынан, республика боюнча 10 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Анын 2 миңи Бишкекке… Кененирээк…

Жаңы жыл алдында аскер кызматкерлери жаңы үйлүү болушту

Жаңы жыл алдында аскер кызматкерлери жаңы үйлүү болушту. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнө турак-жайлардын ачкычын тапшырып, куттуктады.   Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Куралдуу күчтөргө батирлер Бишкектин 12-кичирайонуна салынган үйдөн берилсе, ЖАМК кызматкерлери Аламүдүн районунун Молдовановка айылында… Кененирээк…

Кыргызстанда оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташыгандарга азырынча айып салынбайт

Кыргызстанда оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташыгандарга азырынча айып салынбайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унаа пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңештин тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойбуз,… Кененирээк…

Кайгуул милиция Бишкектин бардык районунда иштеп баштады

Кайгуул милиция Бишкектин бардык районунда иштеп баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы түзүмдүн кызматкерлери кечээтен тарта коомдук тартипке, коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна көз салууда.   Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул милиция кызматы 31-октябрда расмий түрдө Бишкектин Биринчи… Кененирээк…