Жаңы жыл алдында аскер кызматкерлери жаңы үйлүү болушту

Жаңы жыл алдында аскер кызматкерлери жаңы үйлүү болушту. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнө турак-жайлардын ачкычын тапшырып, куттуктады.

 

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Куралдуу күчтөргө батирлер Бишкектин 12-кичирайонуна салынган үйдөн берилсе, ЖАМК кызматкерлери Аламүдүн районунун Молдовановка айылында курулган үйдөн турак жай алышты. Ар бир үйгө балдар аянтчасын курууга 200 миң сомдон берилди.