Бишкекте жаңы жыл түнү электр энергиясы өчүрүлбөйт. Буга “Түндүкэлектрден” ишендиришүүдө. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, адистер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүн алдын алуу үчүн иш-чаралар планы иштелип чыкты. Техника, материалдар даярдалып, электриктер нөөмөттө турушат.