Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмдөрүнүн иши бүгүн 1 саатка кыскартылат. Кеп, “Унаа” мамлекеттик ишканасы, Калкты каттоо борборлору, ЗАГС жана почта бөлүмдөрү тууралуу болуп жатат.
Ошондой эле, Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей, 1-январдан 7-январга чейин аталган түзүмдөрдүн кызматкерлери эс алат. Кадимки тартипте ведомство ишин 8-январдан тарта баштайт.