Кыргызстанда оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташыгандарга азырынча айып салынбайт

Кыргызстанда оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташыгандарга азырынча айып салынбайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унаа пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңештин тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойбуз, — дешти өкмөт аппаратынан.

 

ң рулдуу унааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу мыйзамы 2013-жылы кабыл алынганы менен, улам жылдырылып келет.