“Инфоком” виртуалдуу паспорт киргизүү ниетинде
“Инфоком” виртуалдуу паспорт киргизүү ниетинде. Мамлекеттик ишкананын маалыматына ылайык, “Санарип ID” аталышындагы жаңычылдык жарандарга смартфону аркылуу эле мамлекеттик кызматтарды алууга, мектептерге, бейтапканаларга онлайн түрүндө кезекке турууга жана интернет-банкинг менен колдонууга шарт түзөт. Долбоор ушул жылдын апрель айында ишке киргизилет.