Бишкек-Торугарт трассасындагы кырсыктан 2 киши каза болду

Бишкек-Торугарт трассасындагы кырсыктан 2 киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Кырсык түндө Кең-Булуң айылында болду. Анда 2 унаа карама каршы тилкеде кагышты. Кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза тапты. Дагы 7 киши бейтапканага жеткирилди. Аталган факты кылмыш… Кененирээк…

Нур-Султандын жашоочусу муздак сууда 40 мүнөт туруп рекорд жаратты.

Нур-Султандын жашоочусу муздак сууда 40 мүнөт туруп Казакстанда рекорд жаратты. 40 жаштагы адам 12 жылдан бери кышкысын кыска жеңдүү кийим жана жука шым менен жүрөт. Ал түшкөн Есиль дарыясынын температурасы -2 градус. Мындан тышкары, суунун агымы адам өмүрүнө кооптуу. Белгилеп кетсек, Муздак сууга түшүү боюнча… Кененирээк…

Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу боюнча долбоор иштелип жатат

Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу боюнча долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев кабарлады. Анын айтымында, бул долбоор инвестор табылганда ишке ашат. Кеп мамлекеттик-жеке долбоор тууралуу болуп жатат. «Токмок — Бишкек — Чалдовар трассасы темир жолду бойлой… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы күзүндө ишке ашат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы күзүндө ишке ашат. Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитетинен билдиришкендей, өлкө боюнча 306 аппараттык комплекстер орнотулат. Алардын ичинен 266сы стационардык жана 40ы кыймылдуу. Камералар Бишкекте, Оштун облустук жана райондук, ошондой эле калк көп жайгашкан аймактарына жалпы 73 жабдуу коюлат. Эске салсак, “Коопсуз… Кененирээк…

Британ ханзаадасы Гарри жана жубайы Меган мындан ары падышалык үй-бүлө мүчөсү титулун колдоно алышпайт

Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган мындан ары өздөрүнүн падышалык үй-бүлө мүчөсү титулун колдоно алышпайт жана аларга мамлекеттик каражат берилбейт. Ошондой эле Герцог жана герцогиня мунун алдында өздөрүнүн үйүн оңдоого Улуу Британиянын бюджетинен жумшалган 2,4 миллион фунтту кайтарып беришет. Алар падышалык үй-бүлөгө каржы жагынан… Кененирээк…

Кымбат шаарлардын катарында Бишкек 410-орунда

Кымбат шаарлардын катарында Бишкек 410-орунда. Эксперттер рейтинг түзүүдө кафе жана дүкөндөрдөгү бааларды эске алышты. Ошондой эле коомдук унаалардагы баа, турак-жай, коммуналдык кызматтар жана калктын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ушуну менен Бишкекте Ташкентке караганда жашоо кымбатыраак болуп чыкты. Бирок Нур-Султан жана Алматыга караганда дээрлик арзан. Дүйнөдөгү… Кененирээк…

Милициянын кайгуул кызматы 1-июлдан тарта өлкө боюнча иштейт

Милициянын кайгуул кызматы 1-июлдан тарта өлкө боюнча иштейт. Аталган долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Жакынкы арада 7 облуста жаңы кызматка ишке тартуу башталат. Сынакка учурдагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле катардагы жарандар дагы катыша алышат. Аталган кызматтын мүчөлөрүн камсыздоого 450 миллион сомдон ашык каражат керектелет. Каржылоонун… Кененирээк…

Макгрегор Серронени нокаут менен жеңип алды

Макгрегор Серронени нокаут менен жеңип алды. Кечээ UFC 246 мелдешинде ирландиялык мушкер Конок Макгрегор америкалык Дональд Серронени техникалык нокаут менен 40 секундда жеңип алды. Алар 77 килограмм салмакта күч сынашты. Эске салсак, Макгрегор 2018-жылы россиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилгенден бери октагонго чыга элек. Муну менен Конор… Кененирээк…

Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты бүгүн алынат

Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты бүгүн алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Муниципалитеттен түшүндүрүшкөндөй, быйылкы жаңы жылдык инсталляциянын конструкциясы жана балаты, каражатты үнөмдөө максатында кийинки жылдары дагы колдонулат. Ал эми ушул жылкы кыш сулуусун жасалгалоого 960 миң сом сарпталды. Анын ичинде жаңы “Ынтымак” эс алуу… Кененирээк…

Бишкектин баардык театрлары Россияга гастролго чыгышат

Бишкектин баардык театрлары Россияга гастролго чыгышат. Бул тууралуу Маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында,  бул иштердин жүрүшү 2020-жыл — Кыргызстанда Россиянын жана Россияда Кыргызстандын Кайчылаш жылы деп жарыяланган жарлыкка ылайык. Бүгүнкү күндө 221 пункттан турган план түзүлдү, анын 70 пайызы — маданий-гуманитардык иш-чаралардан турат. Кайчылаш жылдын… Кененирээк…