Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү зарылдыгы пайда болду
Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү зарылдыгы пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 137-198-255-чакырымдарында 26-январдан 31-январга чейин кар массаларын атайы атып түшүрүү иштери жүрөт.